Таш-Дөбө айылынын Октябрь көчөсүндө жыгач устундуу пластик жабылган жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын, времянкасы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар А.М.Д. 1985-жылы туулган аял киши жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. — жаш балдар.
Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ал эми жергиликтүү тургундар «SAAT.KG» маалымат агенттигине өрт өзүн-өзү өлтүрүү максатында уюштурулганын билдиришти.