Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улууттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, 13-февраль күнү саат 01:23тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.