Кыргыз Республикасынын Улууттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, 14-февралда, саат 6:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында 4 балл, Папан, Алга-Бас, , Кызыл-Туу, Бек-Жар, Каблан-Көл жана башка айылдарында 3,5 балл, Алай районунун борборунда жана Чайчы, Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Мурдаш жана башка айылдарда 3 балл болду.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.