Адам укуктары боюнча италиялык федерациянын эки байкоочусу, украин жарандары Людмила Волошина менен Валерий Явтушенко бүгүн Астанадан Киевге депортацияланды. Казак бийлиги алар миграциялык мыйзамдарды бузганын билдирүүдө.
Маалыматтарга караганда, Адам укуктары боюнча италиялык федерациянын байкоочулары 14-февралда Астанада кармалган. Алгач Волошинаны өздөрүн миграциялык полициянын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар мейманканадан кармап кетишкен.
Кийинчерээк дагы бир байкоочу — Валерий Явтушенко кармалганы белгилүү болгон. Полиция Явтушенко бараткан адвокат Төлөгөн Шаиковдун автоунаасын токтотуп, байкоочуну полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Бул учур тартылган видео кийин «Фейсбук» социалдык түйүнүнө жарыяланды.
«Кайгуул полициясы аны миграциялык полиция бөлүмүнө алып кетти. Ал кармалган адам болбогондуктан, полициячылардын аны автоунаадан чыгууга мажбурлоого укуктары жок болчу. Алар анын кайсыл мыйзамды бузганын айтышкан жок», — деди Шаиков.