Министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине сөгүш жана эскертүүлөр берилди

Автор -

Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунун айрым жетекчилерине сөгүш жана эскертүүлөр жарыяланды. Тиешелүү сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча киргизилди.

Жетишсиз иши жана кетирген кемчилдиктери үчүн министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине:

— Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго

— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

— Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыяланды.

Жетишсиз иши жана кетирген кемчилдиктери үчүн министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине:

— Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиевге

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү