Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Аскар Маминдин талапкерлигин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган.
Аскар Мамин 21-февралда отставкага кетирилген Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтүндө премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
53 жаштагы Мамин ага чейин «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчиси, Астана шаарынын акими, транспор жана байланыш министри кызматтарын аркалаган.