Бир катар жетекчилер президенттин энчилүү сааттары менен сыйлады

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27 февралда, мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен төмөнкүлөр сыйланды:

Абдыкулов Улан

Аманбайевич

– Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин төрагасы;
Абдырахманов Уланбек Кадыркулович – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы;
Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович – Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;
Болбур уулу Алтынбек – Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы;
Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы;
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Чүй облусунун Кемин районундагы «Сабирдин» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Курманалиев Дамирбек Сагынбекович – Талас облусунун Талас шаарынын биринчи вице-мэри;
Матажиев Гулам Кудайбердиевич – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешинин төрагасы;
Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович – Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;
Таалайбек уулу Хамзат – Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, ишкер;
Солтонов Алкан  Шайлообекович – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы;
Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич – Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы;
Усеналиев Талантбек Асангариевич – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы;
Эгембердиев Саатбек Искендерович – Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы.