Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт. «Колдон колго» коомдук фондунун адиси Наргиза Конушалиеванын Saat.kgге билдирүүсү боюнча, концерттен чогулган каражат аутизмден жабыркаган балдардын билим алуусуна жумшалат.
Иш-чара аутизмди таануу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду.
Аутизм – баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оору. 1,5 — 3 жаш аралыгындагы балдарда пайда болот. Аталган фонддун маалыматы боюнча, Кыргызстанда мындай оору менен жабыркагандардын саны эсептелген эмес. Фонддун болжолдуу маалыматы боюнча, өлкөдө 215 бала аутизм оорусу менен жабыркайт.