Мурдагы вице-премьер-министр ага басым жасалып жатканын билдирди

Автор -

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды.

Анда Зилалиаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген.

[ads-quote-center cite=’ деп жазылган билдирүүдө.’]«Алсак, менин мүлктөрүмөн тышкары, мага таандык экенин далилдебестен эле дээрлик бардык туугандарымдын мүлкү камакка алынды. Атайын кызмат жакшылап териштирбестен эле эмнеге мынча шашып жатат? Мен ошол адамдардын реакциясын элестетип жатам. Бул маселени сотто чечишип алабыз деп ойлойм», [/ads-quote-center]

Мындан тышкары анда Зилалиевдин туугандары менен ага таптакыр тиешеси жок адамдар менен компаниялардын дагы эсептери камакка алынганы жазылган.

[ads-quote-center cite=’деп жазылган билдирүүдө.’]«Улгайып калган ата-энемдин пенсиялык эсебин жана туугандарымдын маяна ала турган карточкаларын камакка алышты. Тактап айтканда, алар пенсиясыз жана айлык маянасыз калышты», [/ads-quote-center]

Ошондой эле анда Зилалиевдин былтыртан бери ооруп жаткан уулунун чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берилбей жатканы жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.