Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен жубайлар табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-март күнү Кызыл-Суу айыл аймагынын Кирпичный айылынын тургундары 1980-жылы туулган Ю.Г. аттуу эркек киши жана жубайы 1978-жылы туулган Н.Р. көлгө чөгүп кеткен.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«3-4 март күндөрү издөө иштери жүргүзүлдү, натыйжа болгон жок. Жалпы КР ӨКМден 31 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 5-март күнү да издөө иштери улантылат», [/ads-quote-center]