Сүлүктү шаарындагы шахтада 34 жаштагы тургун газга ууланды

Автор -
317

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Раимбердиев” ЖЧКнун шахтасында 1985-жылы туулган М. У. газга ууланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя кечээ, 17-мартта болжол менен саат 10:50дө болгон.

Жерине куткаруучулар барышып, жабыркаган адамды шахтадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.