27-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

27-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10,  күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11,  күндүз +16…+21,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0…+5,  күндүз +13…+18,

Нарын  аймагында түнкүсүн -3…+2,  күндүз +12…+17

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.