Аламүдүн РИИБдин жана каржы мекемесинин жумушчулары  1 миллион сомду мыйзамсыз ээлеп алган

Автор -

Аламүдүн РИИБдин ЭММКАКтын жооптуу кызматкерлери менен каржы мекемесинин жумушчулары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелишүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, административдик айып пул катары төлөнгөн акча каражаты бюджетке чегерилбегендиги аныкталды. Алар айып пул түрүндө төлөнгөн 1 миллион 40 миң сом акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Жакында ушул сыяктуу коррупциялык мүнөздөгү дагы бир башка факты аныкталды.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«ИИМдин Ички иликтөө кызматы Аламүдүн райондук прокуратурасы менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин бөлүмдөрүнүн биринин жоопту кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкташкан. Аламүдүн РИИБдин ЭММКАКтын эки кызматкерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бюджетке 120 миң сом акча каражаты түшкөн эмес. Текшерүү көрсөткөндөй, чет өлкөлүк жарандар паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн аларга 12 протокол түзүлүп, бирок бюджетке акча каражаты түшкөн эмес. Паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандар “Р” ААК аркылуу төлөп келишкен» [/ads-quote-center]

Азыркы учурда аталган факты Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.