1-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° болот.