АКШ Орусияны крымдык татарларды бошотууга үндөдү

Автор -

КШнын Мамлекеттик департаменти орус бийлиги тарабынан «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деген айып менен 23 крымдык жашоочунун кармалганын сындады.

АКШ Орусияны крымдык татарларды жана адилетсиз соттолгон украиналыктарды токтоосуз бошотууга үндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин башчысынын орун басары Роберт Палладино билдирди.

28-мартта Орусия тарабынан көзөмөлдөнгөн Симферополдун райондук соту «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп кармалган крымдык активистти 15-майга чейин камоого өкүм чыгарган. Украинада бул уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эмес.

Андан бир күн мурун ФСБ, ИИМ жана Росгвардия кызматкерлери бир катар крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Крым Орусия тарабынан аннексиялангандан бери жарым аралда 55 мусулман бул уюмга катышы бар деген айып менен камалган.

Бөлүшүү