«Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 200дөн ашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.
Айрым автоунаалар казак тараптын текшерүүсүнөн өтпөй калган, буга байланыштуу артка кайтарылган. Абдыкариева жүк ташуучу унаалардын баары кое берилбей жатат деген маалыматтарды четке какты.
[ads-quote-center cite=’деди Абдыкариева.’]«30-мартта Казакстан бир күндө 150 машинени өткөрдү. Алардын аркасынан дагы ушунча автоунаа кезекке турду. Демек, машинелерди өткөрүп жатышат. Документтери казак тараптын талаптарына жооп бергендердин автоунаалары кое берилүүдө»[/ads-quote-center]Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.
Мамлекеттик чек ара кызматы казак тарап азырынча текшерүү эмне себептен күчөтүлгөнүн түшүндүрө элек экенин кабарлады.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» бекети чоң жүк ташуучу транспорттор өтүүгө ылайыкталган жана аларды текшерүүчү рентген аппараттары менен тараза коюлган жалгыз гана пост.
Эки өлкөнүн башка өткөрмө пункттарында автоунаа каражаттарынын жана жарандардын топтолушу, узун кезеги байкалган жок.