Кыргызстандын тоолуу райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билирди.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.
Ал эми Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-135-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 76-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.