Юсуп Абдрахмановдун «1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар» аттуу китеби кыргызчага которулду. Китеп премьер-министр Темир Сариевдин демилгеси менен мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан которулган.

Комиссиянын айтымында, китепте 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу баалуу кабарлар камтылган.

«1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар» китеби апрель айында 2000 нуска менен чыгуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, китеп Юсуп Абрахмановдун өз колу менен жазылган күндөлүктөрүнүн, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүнүн топтомунан туруп, орус тилинде басылып чыккан.