Аксы районунда 2-апрель күнү Ак-Жол айыл аймагынын Тегене айылында Кара-Суу дарыясына 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.
14-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.Натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 15-апрель күнү улантылат.