16-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
441

16-апрель күнү көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 16…18°.