Президент Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Автор -

Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземинен кийин алар Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтышты.

[ads-quote-center cite=’деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.’]«Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу чын дилден көңүл айтуубузду кабыл алыңыз. Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм»[/ads-quote-center]