Панорама тилкесинде тоонун боорунан 42 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Автор -
252

Аламүдүн районунда тоонун боорунан 42 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылынын Панорама тилкесинде тоонун боорунда 1977-жылы туулган М.Р.И аттуу эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.