Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 18-апрель түнү саат 01:48де Кыргызстан менен Казакстан Республикаларынын чектешкен жеринде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө жана Аманбаево айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.