Оюнду жайылтуу жана өнүктүрүү максатында таяк тартыш федерациясы менен Бишкек шаардык дене тарбия комитети биргелешип, 13-14-майда өткөрүүнү пландап жатат.
Мэриянын билдиришинче, эркектер арасындагы салмагы 60, 70, 80, 90, 105 кг чейинки жана 105 кг жогорку спортсмендер, аялдар арасында 55, 65 кг чейинки жана 65 кг жогорку салмактагылар таймашат.
Якут элинин улуттук «таяр тартыш» оюну быйыл Ысык-Көлдө өтчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген.