23-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Тоолуу автожолдорго муз тоңот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,

Нарын аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.