Премьер-министр уран кенинде ишти убактылуу токтотуп турууну тапшырды

Автор -

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды. Расмий кабарга ылайык, 22-апрелде премьер-министр «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасынын ишмердигине байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 31-декабрында кен казууга байланыштуу бардык жагдайларды изилдеп чыгуу максатында мекеме аралык жумушчу топ, 18-апрелде мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Уран кенине байланыштуу бардык чечимдер комиссиянын ишинин жыйынтыгын эске алуу менен, экологиялык, техникалык экспертизалардан кийин кабыл алынат.

Коомчулукта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай кийинки күндөрү күчөп кеткен. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн кол чогулта баштаган.

Кенди чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы — Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы. Анын 60 пайызы орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участогу мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.