Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат,- деп ӨКМден билдиришти.
25-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
26-28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13,
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүзгү 13…15° болот.