Кыргызстандыктар Таджикистандын чек арачылары менен кайым айтыша кетти

Автор -

Бүгүн, 22-майда Баткен облусуна караштуу Карабак айылынын Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган жарандык тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө келишкен. Ошол учурда Тажикистан чек ара кезмети келип Кыргызстандын жарандары менен кайым айтышуу орун алган, Кыргызстандын жарандары болсо Тажикистан чек арачыларын ал жерден кетүүсүн талап кылышкан.

КР Чек ара кызматы билдиргендей, чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, жолгушуу учурунда Кыргызстандын жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары асманга эскертүү катары бир ок атышкан.

Азыркы учурда Кыргызстан жана Тажикистандын чек ара өкүлдөрүнүн жолгушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергилүктүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө, алар болсо өз учурунда ал жерге бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылышууда.

Эскертип кетсек Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта Тажикистан аймагында жайгашкан.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. КР Чек ара кызматынын тарамдары кырдаалды көзөмөлдөп турушуат.