— Руслан мырза, Эдил Байсаловду Улуу Британияга элчи кылып жиберүү сунушу колдоо таап, президент кол коюшу гана калды. Тандоо туура болду деп ойлойсузбу?
— Элчилик — бул саясый кызмат. Элчиликке дайындоо үчүн кѳрсѳтмѳнү ТИМ берет, ѳкмѳт башчынын колдоосу менен, президенттин жарлыгы менен шайланат. Андыктан, саясый кызмат болуп эсептелет. Толук жана ыйгарымдуу ѳкүлдѳр Кыргызстандын ошол ѳлкѳдѳгү ѳкүлү, президенттин ѳкүлү болуп саналат. Демек, анын мойнуна чоң жоопкерчилик жүктѳлѳт. Байсаловдун Улуу Британияга элчи болушун тармактык комитет жактырды. Ал тууралуу талаш пикирлер жаралып жатат. Менимче, абдан туура тандоо болду. Байсаловду аябай жакшы билем деп айта албайм, Бирок, аны менен чогуу иштешип калгам. Тышкы саясаттан алыс эмес. Коомдук ишмер катары оппозицияда, саясатта жүргѳн идиректүү саясатчы катары таанымал. Ошол эле убакта чындыкты бетке айтьш, чыркырап жүргѳн жигиттердин бири. Билими, тажрыйбасы да мол. Элчиге биринчи кезекте бараткан мамлекетинин маданиятын, тарыхын, тилин билген маанилүү. Эдил кыргыз тилинде эле эмес, орус, англис тилдеринде жакшы сүйлѳйт, керек болсо түш жоруйт.
— Элчиликтерге ѳзгѳчѳ талап болуш керектигин, ТИМ классикалык дипломатиядан кетиши зарылдыгын айтып келесиз. Элчилерге кандай талаптар болуусу шарт?
— Сѳзсүз түрдѳ элчилерге ѳзгѳчѳ талап болуш керек. ТИМ дагы классикалык дипломатиядан оңго-солго жылыш керек. Кыргызстандын кызыкчылыктарын алдыга коюш керек. Инвестиция тартуу экономикалык дипломатияга ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу, сыртта жүргѳн кыргыз жарандарынын укугун жаңы жолдорду таап коргоо, керек болсо мигранттарга толук кандуу коомго сиңишип,иштеп, ийгилик тарыхын жаратууга жардам берүү элчиликтердин чоң милдети катары баалайм.
— Байсалов бара турган ѳлкѳдѳ Кыргызстандын түздѳн-түз кызыкчылыгы жок болсо керек. Мындан улам, ал дүйнѳлүк картада Кыргызстан деген ѳлкѳ бар экендигин кѳрсѳтүп туруучу гана милдетти аткарып иштейт. Ушундайбы?
— 2010-жылдардагы саясый окуялардан кийин Байсаловду жакындан биле баштадым. Анда ал Убактылуу ѳкмѳттүн (УѲ) аппарат башчысы болуп иштеп калды. Ал кезде чет элдик делегациялар агылып эле келип жаткан. дүйнѳлүк коомчулук Кыргызстанга кѳңүл буруп турган убак эле. УѲтүн легализациясы дагы дүйнѳ коомчулугунун назарында турган. Ошол убакта Байсалов менен иштешип калып, биз 2011-жылы БУУнун коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчѳ болууга талапкерлигибизди кѳрсѳттүк. Беш жыл мурун эле кѳрсѳтүлгѳн экен, бирок иш начар жүрүптүр. Бул нерсе УѲтүн легалдаштырылышына да чоң жардам берет. Ошол маселеде Эдил Байсалов бизге жардам бергeн. Биздин делегациянын ичинде акысыз ыктыярчы болуп иштеп берди. Байсаловдун иштѳѳ жѳндѳмдүүлүгү мыкты. Ал ѳзү батышчыл саясатчы катары белгилүү го. Тажрыйбасы бар. Мен дайыма «элчилерге так тапшырма берип жѳнѳтүп, ошону талап кылыш керек» деп айтам. Бирок, Байсалов кандай тапшырма алып баратканын так билбейм. Бир нерсени билем, ал Англияда толук кандуу иш алып кеткенге, аткарганга мүмкүнчүлүгү бар.
— Ѳкмѳттүн айланасында кризис болуп жатат. Бирок, ѳкмѳт кетпей калды…..
— Кризиске ѳкмѳттү күнѳѳлѳй берген да болбойт. Өкмѳт командалык иштей турган орган. «Кѳкѳтѳйдүн ашы — бир чатактын башы» дегендей, Жээнбеков ант берип, иш баштардагы февраль айындагы коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин кѳп нерселердин башы чыга баштады. Саясый чыңалуулар, тирешүүлѳр. Анда мен фракция лидери болуп тургам, оюмду айттым эле. Кыргызстандын ѳнүгүп кетиши бюджеттен, каражаттан да кѳз каранды. Бирок, биринчи кезекте президент, ѳкмѳт, Жогорку Кеңеш бири-бири менен тил табышып, ынтымактуу иштеп кетишинен кѳз каранды.Тилекке каршы, тирешип, талашып-тартьшып эле келатабыз. Ѳкмѳткѳ да толук мүмкүнчүлүк берилген жок деп айтпайм. Азыркы премьерге президент тарабынан болгон ишеним бир да премьерге болгон эмес. Жакында эле отчету каралды. Сын-пикир аябай кѳп болчу. Жалпы эле олуттуу реформалар болбой жатат. Премьердин алдында иштеп жаткандар деле саботаж кылып жиберди. Ар ким ар кимдин колдоосу менен келип, ошолорго чуркайт, ѳкмѳт башчыны тоготушпагандар болду. Абылгазиев ѳзү таза жигит, күнү-түнү иштеп жатты. Президент кайрылуу жасады, «ѳкмѳткѳ ишенем, колдоп бергиле» деди. Демек, биз ѳкмѳттү эмес, президентти колдоп бердик. Стабилдүүлүк үчүн. Бир ай ѳтпѳй, кѳп саясый чакыруулар болуп кетти. «Бажагeйт», «кудагейт», «Телеком», «Мегаком», Батукаевдин качырылышы ж.б. Айтор, баары кызып кетти. Кимди күнѳѳлѳштү билбейм. Баарын тергѳѳ аныктайт.
— «Бажагейтте» Абылгазиевдин түздѳн-туз тийешеси бар болуп чыкпадыбы?..
— «Бажагейт», «кудагейт», баарын сырттан кѳрүп турабыз. Ѳкмѳт мүчѳлѳрү отставкага кете баштады. Бул жок дегенде бир айга баардык министрлерди деморализовать этип койду. Мындайча айтканда, баарынын иши токтоп калды. Себеби, «эртең ким кетет, ким келет» дегиче эки жума ѳтүп, туристтик сезон башталды. Ѳкмѳттѳ болсо башаламандык. Ошондуктан, азыр ѳкмѳттѳ моралдык, саясый, экономикалык кризис болуп жатканын ачык эле айтыш керек. Бул абалдан премьер алып чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгү бар. Ал мүмкүнчүлүктүн эң негизгиси- президенттин ишеними. Ѳкмѳт башчы азыр коомчулукка чыгып, болгон кризисти ачык айтыш керек. Акча жокпу, «жок» деши керек, реформа талап кылып жатабызбы, ал болбойбу, «болбойт» деп ачык айтыш керек. «Ооруну жашырсаң, ѳлүм ашкерелейт». Баарын кыла албай, отставкага кетсе, дагы ызы-чуу түшүп, «мурун эле билгенбиз иштей албасын» деп кыйкырып жатып калабыз. «КТ Мобайл» боюнча сындар туура эле коюлду менимче. «Кыргызтелекомдун» алдында дагы бир компания түзүлсѳ, аны премьер коомго туура маалымдап жеткириш керек эле. Бул жаатта ѳкмѳт толугу менен маалыматтык коопсуздук жагынан уттуруп жатат. Ал эми «бажагейт» боюнча мындай дээр элем: Кыргызстанда 6 млн. болгон чакан калк жашайт. Баары бири-бирине тууган, тааныш. Болгону, жакындар түздѳн-түз кол алдында иштебеш керек. Эгер жетекчи жакындарын алып келсе, алар билими тайкы, тажрыйбасы жетишсиз болсо, анда «үй-бүлѳлүк башкарууга жол берилип жатат» дегенге акыбыз бар. А эгер алар мурунтан иштеп жатышса, ишин жакшы билишсе, анда сындаганга негиз жок.
— Ѳлкѳнүн экономикалык абалы кандай?
— Социалдык-экономикалык маселелер боюнча жагдай начар. Таза эле болбой калды дебейм, 2019-жылдын бюджетинин 5 айдагысын караганга аракет кылдык. Бирок, ѳкмѳттѳ башаламандык болуп, 2-3 министр отставкага кетип калып, жыйынга келишкен жок. 2 млрд. 900 млн. сом киреше бюджетке түшпѳй калыптыр. Салыктан, бажыдан, мүлктѳрдѳн, баарын кошкондо 5 ай ичинде ушунча сумма түшпѳй калганы эртеңки күнгѳ чоң маселе жаратат. Мугалимдер, дарыгерлер жайкы эс алууга чыкканы жатышат. Алардын айлыктары 6-10 миң сом эле, аларга эмгек ѳргүү акысын кечиктирбей тѳлѳш керек. Каражат тартыш болсо кантип тѳлѳшѳт? Ушундайлардан саясый-социалдык чыңалуу уланып отурат. Коррупция менен күрѳшүү боюнча президент ѳз оюн айткан. Саясый эрки жетерин, аягына чейин күрѳшѳ турганын. Бирок, саясый күрѳш системдүү түрдѳ болмоюнча, натыйжа чыкпайт. «Саясый желектин таягын экономика кармап турат» дешет түрктѳр. Экономика жандуу болбосо, кайдагы саясат…
Булак: «Азия news» гезити. №21 (308). 30-май, 2019-жыл.