Депутат: Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча Өкмөт так маалымат бериши керек

Автор -

Мына, 15 күндөн бери жүк ташыган автоунаалар кыргыз-казак чек арасында турат. Эмне үчүн турат? ЕАЭБ келишимдери эмне үчүн аткарылбай жатат? Биздин Өкмөт бул багытта кандай чараларды көрүүдө? Эмне үчүн ушул кезге чейин ал тууралуу так маалымат жок? Кыскасы, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча суроо көп. Ошондуктан, Өкмөттү карап отура бербей, буга кыргыз парламенти кандайдыр бир чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди депутат.’]«Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча теле аркылуу экономика министри Олег Панкратов гана орусча маалымат берди, башка маалымат жок. Ишкерлер чоӊ чыгымдарга учурап жатса, минтип отурганыбыз жарабайт. Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, чек арадан бажылык текшерүү алынып салынган. Анда эмне үчүн казак тарап текшерүүлөрдү жүргүзөт. Муну тезинен тактап, кандайдыр бир чечимге келиш керек да. Эгер алар биздин Өкмөттү кабыл албай жатса, анда депутаттар тобу Казакстанга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө жакшы болот эле»[/ads-quote-center]

Мындай пикирди колдогон депутат Аалы Карашев Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматын угууну талап кылды.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады эл өкүлү.’]«Жөн эле маалыматтын кереги жок. Өкмөт абалды жөнгө салуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеӊири маалымат берсин. Ансыз куру сөз болуп калат. Мындай кырдаал биринчи жолу болуп жаткан жок. Өкмөт өкүлдөрү дароо Казакстанга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселе биржаӊсыл чечилгенче ошол жерде түнөп жатышы керек болчу, андай болбой жатпайбы»[/ads-quote-center]