УКМКнын мурдагы жетекчиси Идирис Кадыркулов 15-майда кызматтан бошоду. Андан бери 1З күн ѳттү. Ал эми Конституциянын 87-беренесинин 5-бѳлүмүнѳ ылайык, ѳкмѳттүн мүчѳсү кызматтан кетсе, анын талапкерлиги 5 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизилиши керек.
Мына, Конституция президент тараптан да, премьер-министр тараптан да бузулуп жатат. Бийлик кимди жетекчи кылып алып келишти билбей, бүгүнкү күнгѳ чейин башын кашууда.
Ал арада Кубатбек Байболов УКМКнын башына барып калышы мүмкүн экени айтылууда.
Булак: «Фабула» гезити. 31-май, 2019-жыл