Таш-Көмүр шаарында 2 жашар наристе сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү саат 13:17де Шамалды-Сай шаарчасындагы Левобережный каналына 2017-жылы туулган Р.Ф. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 15 куткаруучу тартылган.
Саат 14:00дө жергиликтүү тургундар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.