Акыркы аптада «Аль-фа Телеком» менен КТ Мобайлдын ортосундагы чырдан кеп нерсенин башы ачыла баштады. Бажалар парадынын бет пардасы сыйрылып, Иманкадыр Рысалиев «иванкадр» атка конуп, элге шермендеси чыгып, бажасы Абылгазиевди сызга олтургузуп өзү ээрден шыпырылды. Уулу Эрназар ою жаман орун басарлык кызматынан кетип, алган «аппетитный» айлыгын кайра казынага кусуп берди.
Жаманкулов Акылбектин да абийири айрандай төгүлүп, мурунку кылмыштуу иштери калкып чыгып, коомчулук бул деле соо сыйырдын кыгы эмес турбайбы деген түшүнүктө калышты.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай Акылбек акылы көп депутаттык мандатын тапшырып, Альфа Телекомго жетекчиликке келгенде буга чейинки жетекчиси Базаркулов алып жүргөн «12 000 доллар маянаны албайм, кыскарттым» деп ооз көптүргөнү эсибизде. Уккан кулагыбызга ишенбей Акылбек азамат экен деп эле жатып калганбыз. Анан эле КТ Мобайл менен тил табыша албайбы же башка жагдайбы ким билсин айтор, атагы таш жарып, сахнадан түшпөй калган.
Сахнасы курусун, көп өтпөй эле артынан өткөн жылдын ноябрь айынын 1нен З0на чейинки аралыкта Альфа Телекомдон 660 413,58 сом айлык алган ведомость чыгып кетти. Ошондо маянамды кыскарттым деген сөзү суу кечпей калдыбы? Же алдоону Акыл жакшы өздөштүргөнбү?
Албетте, Акылдын колдоочу коргоочулары Иманкадр жөн жатпай, ала жатам деп ведомость жасады, аны далилдедик деп ооз көптүрүүдө. Акыл мырза өзү деле ачыгын айтып койсо ашыкча болмок эмес. Же ага даай албай жатабы?
Булак: «Факты.kg» гезити. №22 (22). 4-июнь, 2019-жыл.
































