Жамангулов мамлекет тарабынан каржыланган той-мааракелерге 5 жылга чектөө киргизүүнү сунуштады

Автор -

Мына жакында эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрдүк, алдыда залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин белгилегени турабыз, албетте, бул жакшы нерсе. Тилекке каршы, анчалык мааниге ээ болбосо деле мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлүп жаткан той-аштар ашкере көбөйүп кетти, турмушубуздун акыбалын өзүӊүздөр көрүп турасыздар. Ошондуктан, андай иш-чараларга убактылуу мораторий жарыяланса жакшы болор эле. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Менимче, маанилүү иш-чараларга таптакыр эле тыюу салуу жарабайт. Өлкөнүн келечегин ойлосок, мамлекеттик деӊгээлдеги бирин-экин ири иш-чараны бекитип берели да, калганына жок дегенде 5 жылга чейин мораторий жарыялайлы. Өкмөт бул маселени иликтеп чыгып, өз сунушун бериши керек», — дейт эл өкүлү.

Бөлүшүү