Өкмөткө караштуу финчалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев өз ишин жөндөй албай калганы бир-нече ирет тастыкталса дагы кылы кыйшайбай жатканы көпчүлүктү таӊ калтырууда. Неге калкалап жатат? Мисалы, былтыр коммерциялык банктарга бардык кардарларынын маалыматтарын берү» катын жөнөтүп катуу шерменде болгон. Ал жоругу үчүн шумпай өкмөт башчыдан сөгүш алып, банктардан кечирим сурап кутулган. Анысы ал, ал эми мыйзамсыз кирип жатка, күйүүчү майларга чара колдонбогонун жаап-жашырууга болбой калды.
Гуламжан «ака» алаканын майлатып коюп чардай береби? Эгер бизди кала десе Премьер-министрдин өзүнөн сурасын, мыйзамсыз бензин ташыган адамдарды сүрөтүнө чейин көрсөтүп отурат. Кыскасы, Анарбаевди кетирбесе «бовой» калды.
Булак: «De-факто» гезити.