Камчыбек мырза, сиздин Текебаевдин Салянова тууралуу маегине карата берген интервьюларыңыз, жазган постторуңузду окуп, мен да сизге жооп жазуума туура келди.
Камчыбек Кыдыршаевич, Ѳмүрбек Чиркешович сизди жакшы кѳрүп, ар дайым «үкам» деп мактап, жакшы сѳздѳрдү айтып жүрѳт. Сиз «убагында бизди колдогон жок» деп айтып жатасыз. Бирок, Текебаев сизди «камалсын» деп дагы айткан эмес. Сиз Чынгызханды туурап, колдоочуларыңыз менен Ак үйдүн тосмосунан секиргениңизди Кыргызстан эле эмес, бүт дүйнѳ кѳргѳн. «Бийликти басып алууга аракет кылды» деп 15-20 жылга кесиле турган кылмыш болгонуна карабай, «бейбаштык» беренесине которуп, чыгарып жиберишти. Бул үчүн ошол кездеги бийликке ыраазы болсоңуз дагы болот. Садыр Жапаровдой, Бектур Асановдой, Кубанычбек Кадыровдой кылып,10-15 жылга соттоп жиберсе эмне кылмаксыз?
«Салянованын ѳзү эмес, ал жокто акын милдетин аткарып жаткан орун басары башкы прокурордун атынан иш козгоп койду, бул мыйзамсыз» деп айтып жатасыз. Чын эле ошондой мыйзамсыз болсо, айда бул -тагдырдын сизгe берген белеги турбайбы. «Иш мыйзамсыз козголгон» деп Жогорку сотко кайрылыңыз, акталыңыз. Бүгүнкү бийлик менен мамилеңиз деги жакшы. Сооронбай Шарипович менен шайлоо маалында жетелешип жүрүп колдогонсуз. Салянова бийликтен кеткенден бери беш жылдан ашты. Ѳзүңүздү актап, жүзүңүздү жарык кылып албайсызбы? !
Текебаевге суроо берип, интервьюну мен алдым эле. Ага капа болуп, сѳз тийгизгeниңизге ѳзүмдү бир аз күнѳѳлүүдѳй сезип турам. Менин оюмча, Камчыбек мырза, сиз Текебаевдин айткан сѳздѳрүн туура эмес түшүндүңүз. Ал «Салянова күнѳѳлүү» же «күнѳѳлүү эмес» , «кылмыш жообуна тартылсын», же «тартылбасын» деген жок. Болгону, «Конституциялык палата түзүп кеткен прецедентти эске алалы, сот Конституциялык палатанын чечимин эске алуу менен Салянованы камакка албаш керек эле» деп айтты. Ѳзүңүз билесиз, Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги жок. Бирок, ошого карабастан, Конституциялык палата Конституцияда кѳргѳзүлгѳн адамдар кызматынан кеткенден кийин дагы куугунтукталбашы үчүн «экс-президентке кол тийбестик укугу болуш керек» деп чечим чыгарды.
Демек, иммунитети бар башка кызмат адамдары дагы: депутаттар, судьялар, башкы прокурорго дагы бул талап, шарт бирдей тарашы керек. Текебаев «мыйзам жок болсо дагы, Конституциялык палатанын чечимин соттор жетекчилигине алып, эске алып чечим чыгарыш керек» деген гана оюн айтты. Ал ой эмнеге сизди териктирди, түшүнүксүз болуп жатат.
Сиз Ак үйдүн тосмосунан секиргениңиз боюнча Салянова эмес, башка башкы прокурор болсо дагы сѳзсүз иш козгомок…
Булак: «АЗИЯ news» гезити. №23 (310). 13-июнь, 2019-жыл.