Примбердиев «Манас» аэропортун ойрондотобу?

Автор -

«Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген Нурлан Акматов Евразиялык экономикалык комиссияга Кыргызстандын атынан министр болуп дайындалды. Анын ордуна болсо Мурат Примбердиев барды. Бул жигит боюнча эмитеден эле тескери маалыматтар түшө баштады. Колунан иш келбеген, бирок кошоматты катыра кылганы, алакан ысытмайды жакшы билгени менен үлкөндөрдүн көӊүлүн тапканга усталыгы айтылууда.

Кезинде Жогорку Кеӊештин азыркы депутаты Бакыт Сыдыков «Манас» аэропортун башкарып турганда кеӊешчиси болуп «колго мыкты суу куйчу» экен. Анан ушундай кадр ири киреше алып келчү мекемени жетектеп жатканы иштин кыйраганын билгизээри айтылууда. Кийинки санда Примбердиевдин жоруктары туурасында кенен кеп кылабыз…

Булак: «Фабула.kg». 14-июнь, 2019-жыл.