Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев Матраимовдор менен тууган болуп чыкты. Тактап айтканда, Анарбаев мындан 20 жыл мурун Матраимовдорго карындашын келин кылып бергенин мойнуна алып отурат.
Ошондо Анарбаев жетектеген кызмат жана Финпол төрт айдан бери миллион атыккан Раим Матраимовдун байлыгын санап бүтпөй жатканынын төркүнү эми билинди көрүнөт. Көрсө бийлик билип туруп кой терисин жамынган Анарбаевге кой кайтарткан экен.Болбосо күмөндүү суроолорду жаратпай, «Раим миллиондун» байлыгы али күнчө саналып бүтпөйт беле.
Буга чейин Жогорку Кеӊештин депутаты Ирина Карамушкина да Анарбаев Матраимовдор менен тууган экендигин, Матраимовдун мүлкү калыс текшерилишинен күмөн жаратарын айгай сальш чыккан болчу. Бирок ошол учурда депутаттын бул сөздөрү көнүл борборунда болгону менен «бажагейт», «кудагейт» бийлик тарап капарына алган эмес.
Баса, Анарбаев депутат Асилбек Жээнбеков менен тууган экени боюнча айтылган кептерди ушак катары баалап, четке кагыптыр. Мунун да чындыгы билинет деген үмүт менен карап туралы…
Булак: «Ачык саясат» гезити. №22 (365). 14-июнь, 2019-жыл.