Атамбаевди «журт атасы» деген Иса Өмүркулов өӊүн өзгөрттү

Автор -

Иса Өмүркулов да парламентте өткөн 12-июндагы жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын айткан депутаттардын катарынан калган жок. Ал өз сөзүндө Атамбаевди «мурдагыдай таасир эте албай, өзүмчүлдүк көз карашын таӊуулап жатат» — деп белгиледи.

Бирок кесиптеши Алмамбет Шыкмаматов калыстык кылып,  Өмүркулов эки жүздүүлүк кылып жатканын айтьш эсине салыш койду. Тактап айтканда, «Текебаев, «Атамбаев бийликти узурпация кылып жатат, камайлы» дегенде эч ким унчукпай, «эмне деп жатасыӊ, ал деген журт атасы» — деп айткан Иса Өмүркулов бүгүн бул жерден 180 градуска бурулуп сүйлөп жатат.

Мен Атамбаевди коргогон жокмун, болгону Өмүркуловдун трибунага чыгып сүйлөгөнүн туура эмес деп жатам. Жок дегенде унчукпай отурбайбы?» — деп сынга алды. Муну менен Иса Өмүркулов өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, мурдагы өӊүн өзгөрттү.

Ал мындай туруксуз позициясы менен коомчулуктун сынына да кабылды. Журналисттердин, социалдык тармактын колдонуучуларынын тепкисине да кабылды.

Булак: «Ачык саясат» гезити. №22 (365). 14-июнь, 2019-жыл

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү