ТЭЦтеги коррупция боюнча айыпталып түрмѳдѳ жаткан Осмонбек Артыкбаев экс-президентке каршы кѳрсѳтмѳ бергени депутаттык комиссиянын ишинде белгилүү болду.
« ТЭЦке кѳмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланышы болгон» деп айтыптыр. Сыягы, Артыкбаев тергѳѳ менен кызматташып, мурдагы шефин сатып, түрмѳдѳн чыгып кетүүгѳ жандалбас урганы го?
ТЭЦтеги коррупциялык элементтерге илингенин кантип бурмалайбыз? Ал энергетика министри болуп турганда жаза басып, мыйзамсыз чечимдерге барганы үчүн камалган да, туурабы? Эми күнѳѳнү Атамбаевге оодара салуу менен амал издеп атса, эл эмне дейт? Эң башкысы, мыйзам баарына бирдей болуш керек. Алалап, тандоо жолу менен коррупцияга шектелгендерге мамиле кылууга болбойт.
Коомчулук да бийликтен тазалыкты күтүүдѳ. Бул жагын эстен чыгарбоо зарыл!
Булак: «Азия news» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.