Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-июль күнү саат 00:51де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кербен шаарында 3 баллга, Мундуз, Күлүк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Кашка айылында 2 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.