Кыргыз журтчулугунда ар кандай эптүү да, эпсиз да болумуштар кекиртектен ашып кетти. Чала молдолор сыяктуу «намаз» окугандар жѳѳлүп кеткенде айласыздан күлѳрүң бышык.
Эки жыл мурда Алмазбек Атамбаевдин алдында ийнеликтей болуп бийлегендерди бүгүн таанышка болбойт. Ошол азыр «эрдик» жасагансып опурулгандар мурда кайда жүрүштү эле?
Тимеле аарыдай ызылдашат түштѳн кийин баатырсынып. Канат Исаевдин каерден чыкканын баары билет. Иса Ѳмүркуловду кезинде капкандан ким аман алып калганын ѳзү эле унутуп калбаса, башкалардын эсинде турат жадыбалдай болуп. Талант Мамытовдун болсо эзелки ѳчү бар. Э.Каптагаевдин «жѳѳлүп» кетме илдети ѳѳрчүп кеткен. Бектур, Кубаныч, Бекболоттор боштондук алган соң ѳз аракетин жасашууда.
Эмнеси болсо да мурдагы ажодон согулгандар эми жанданышты. Ошентсе да дос катары далай жылы жанында сүрѳп жүргѳн Азимбек Бекназаров кээде туура сѳзүн айтканга жарайт.
Атамбаевдин парламенттегилерди «чимкирик» деп атаганы туура экенин эски досу тастыктаптыр. Болгону аларды ѳзү алып келип, эми аныгына жеткенин да унутпаптыр Азике?
Булак: «Ачык сөз» гезити. 20-июнь, 2019-жыл.