Акаев: Атамбаев менен Текебаев биригиши толук мүмкүн

Автор -
1694

Өмүрбек Текебаевдин «Азаттык» уналгысына берген маегинде Алмазбек Атамбаевге болгон ою өзгөргөнүн кыйытып тескерисинче, аны күчтүү саясатчы катары сыпаттады. Дегеним, күчтүү оппозиция түзүү үчүн Текебаев менен Атамбаев кайрадан биригиши мүмкүнбү?

-Толук мүмкүн. Анткени, Өмүрбек Чиркешович аӊдабай же жөн эле сүйлөп койчу мен же Рыскелди Момбеков эмес. Бул киши ар бир сөзүн талдап,тандап,ойнобой тереӊ ойлонуп сүйлөгөн киши. Өмүрбек Чиркешовичтин маегин окуган соӊ, анын ар бир сөзүндө тереӊ ой катылганын аӊдадым. Дегеним, күчтүү оппозиция түзүү үчүн Өмүрбек Чиркешович менен Алмазбек Шаршенович биригүүсү толук мүмкүн. Бул деген саясат.

Булак: «Ачык саясат» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү