Төрага Дастан Жумабеков акыркы күндөрү атырылып сүйлөгөндү адатка айлантып алды. Дегенибиз экс-президенттин чимкирик десе сөзү чыйралттыбы же чыйралган түр көрсөтүп атабы ким билсин? Айтор ортоӊку трибунан Текебаевчесинен титирендеп атырылып сүйлөп бир таӊ калтырса, кийин бир интервьюда парламент, импичмент, экс-президент тууралуу «калчылдап» сүйлөп жатып бир таӊ калтырды. Импичменттин тагдырын базарчылардын деӊгээлине түшүргөнү менен иши жок. Базарчылар менен байбачалардын төрагасынын деӊгээли ушулбу? Ушул кезге чейин кайда жүрдү эле.
«Моюнча эле моюнча» деп, боюнча сөзүн айта албай жүрчү эле го. Аны айтканын угуп олтурсак, уккан кулак үркүп кетти. Жөнөкөй депутат кезинде эле ар бир мыйзамга ачык пикирин айткан активдүү эле депутат турбайбы.
Булак: «Факты.kg» №25(25). 25-июнь, 2019-жыл.