Акылбек Жапаров түзүп берем деген 70 миң жумушчу орун кана?

Автор -

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров деген бар. «Отко салса күйбѳгѳн, сууга салса чѳкпѳгѳн» каарман. Акаевдин доорунан бери майлуу жерден кулагы кѳрүнѳт. Мына азыр Жогорку Кеңештин мѳѳнѳтү аяктоо алдында. Жапаровго окшогондор кайрадан элдин кулагына кесме илмейди баштайт.

«Бир Бол» партиясы 70 миң жумушчу орунду түзүп баарын жыргатабыз дешкен. Андан бери 5 жылга аяк басканы калды, убададан дайын жок.

Дал ушул убаданы Жапаровдун оозу менен айттырышкан. Эми Жапаров дагы кандай жѳѳ жомокту ураан кылып кѳтѳрүп чыгат болду экен?

Булак: «Фабула» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.