Жапаров: “Мен Кыргызстандын суусу эң таза деп ойлочумун, тилекке каршы, андай эмес экен”

Автор -
343
Сүрөт: Knews.kg

Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Гао Фей И башында турган делегация менен жолугушту. Жолугушууда калкты чыпкаланган таза суу менен камсыздоо, коопсуз шаар жана видеобайкоо, электромобилдерди алып келүү жана шаардык транспортту экоунаалар менен алмаштыруу, социалдык туракжай жана көп кабаттуу үйлөрдү аймактарда куруу тууралуу пикир алышты.

Кытай тарап өзгөчө өз өндүрүшүнөн чыккан электромобилдерди алып келүүгө кызыкдар экенин билдирди. Кытайдын өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин илимий кызматкери Ден Чи Чанг Кыргызстанга электромобилдерди алып келүү менен гана жумуш бүтпөстүгүн, анын артында инфраструктура түзүү зарылдыгын, так айтканда, заряддоочу станциялар куруу керектигин кошумчалады.

Депутат Акылбек Жапаров учурда Кыргызстанда 1 млн 300 миңден ашуун унаа катталганын белгилеп, электромобилдерге да биздин өлкөдө суроо-талап жогору болоруна ишенерин айтты.

“Баш калаада көптөгөн күйүүчү май саткан жайлар бар, электромобилдерди заряддоочу станциялар үчүн да жер табылат. Бирок, ал электромобилдер ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык келиши керек”
деп кошумчалады депутат.

Кытай тараптын калкты чыпкаланган таза суу менен камсыздоо тууралуу сунушун колдогон эл өкүлү: “Мен ак мөңгүлүү Кыргызстандын суусу эң таза деп ойлочумун, тилекке каршы, андай эмес экен. Финляндияга барганда биздин суу тазалыгы боюнча 72 орунда турарын билдим. Андыктан, калкка чыпкаланган суу жеткирүү абдан маанилүү маселе”, — деди.

Бөлүшүү