Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.