Николо Пашинян Жээнбеков менен телефон аркылуу байланышты

Автор -

Армян тараптын демилгеси менен бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Николо Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.