Камактагы экс-башкы прокурор, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын оорусу күчөп жатат. Бишкектеги №1 Тергөө абагына кайра которулгандан бери анын саламаттыгы начарлай баштаганын адвокат Рабига Садыкова маалымат булактарына билдирди:
Салянованын абалы начар. Жүрөк оорусу бар. Операцияга даярданып жаткан. Операцияга даярданып, дарыгерлер дарылайбыз деп жатканда кайра тергөө абагына алып кетишкен.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган Салянова Бишкектин Биринчи май райондук соту чечими менен 26-июнга чейин №1 тергөө абагында камалган.
Кийин анын абактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылган.
Салянова 15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген.Туугандары ага дарыгерлер жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюшканын айтышкан.
Жаза аткаруу кызматы анын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жоктугун билдирип келет.
Булак: NazarNews.kg