Президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелде өткөн Кыргызстан элинин Ассамблеясынын VIII курултайында кыргыздын тилин, тарыхын маданиятын билген “Кыргыз жараны” деген жаңы жарандык бирдейликти (иденттүлүк) калыптандыруу керектигин билдирген.
2011-жылы президенттик шайлоо алдында Атамбаев улуттар аралык жаңжалдарды болтурбоо үчүн жарандыкты «Кыргызстандык» деп жаздырыш керек деп эл менен жолугушууда билдирген эле. Бул коомчулукта кызуу талкууну жараткан.
2016-жылды «Тарых жана маданият жылы» деп бекиткен жарлыктын 9-бөлүмүндө кыргызстандыктардын жүрүм-турум модели катары универсалдуу демократиялык дөөлөттөр менен кыргыз элинин кайталангыс маданиятын айкалыштырган “кыргыз жараны” образын жайылтуу керек депайтылган.
«Кыргыз жаранынын» жаңы образын түзүү кыргыз улутуна гана тиешелүүбү же өлкөбүздөгү башка улуттарга да салым кошуш керекпи. Башка улуттар жарандыгын кыргыз деп жазууга даярбы?
Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин орун басары жана Карачай элинин диоспарасынын жетекчиси Шидакова Зухра кыргыз жараны деген жаңы образга жана жарандыгын кыргыз деп жаздырууга каршы. АКШ жана Орусиядагыдай эле жалпы улутту кыргызстандык деп атоого макул экендигин saat.kgге билдирди.
Кыргызстандагы дунган Ассоциациясынын советинин орун басары Машанло Амина өлкөдө ар бир улуттун аты жазылыш керек деп эсептейт.
«Ар бир улут өзүнүн баалулуктары менен жашоого укукту, ал үчүн тили, маданияты, дини сакталууга тийиш, ошондой эле, кайсы гана документте болбосун, жарандыгын билдирген өлкөнүн аты жана улуту жазылыш керек, бул демократиянын бир бөлүгү. Мен «кыргыз жараны» деп жазууга каршымын, бул башка улуттарды жок кылуу дегендик. Эгерде кыргыздар да, башка улуттар да кыргызстандык деп жазса, макулмун. Анда тең салмактуулук болот» — деп эсептейт.
Мындай пикирди өзбек маданий борборунун жетекчиси да колдойт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев кыргыз жараны деп жазуу керек экендигин белгиледи.
«Эмне үчүн Кыргыз Республикасы деп атоого болот да, Кыргыз жараны деп атоого болбосун? Кыргызстандагы баардык улуттарды жарандыгын кыргыз деп жаздыруу керек. Ал эми улутун кандай болсо, ошондой жазыла бериш керек. Биздин баш мыйзам боюнча Кыргыз Республикасы деп жазылып турат, Кыргызстан эмес. Ушул нерсени ишке ашырганда гана улуттар аралык биримдик болуп, кыргыздар да башка улуттарды сыйлап, алар да кыргызды сыйлап калышат» — деп saat.kgге ой бөлүштү.
Ал эми Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов мыйзамда кандай жазылса, ошондой кылып аткаруу керек деп эсептейт.
«Эгер өкмөт сунуштап, парламент бекитип берсе, президент кол койсо, ошол боюнча жазылыш керек. Эгерде жарандыкты кыргыз деп жазууга президент кол койсо, ошондой болуш керек», — деген пикирин айтты.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева жарандык бирдейликти (иденттүлүктү) калыптандыруу үчүн биринчи тилдик бирдейликти калыптаныдырышы керек деп эсептейт.
Көпчүлүктүн пикири боюнча өлкөбүздөгү башка улуттардын өкүлдөрү жарандыгын кыргыз деп жаздырууга каршы, бирок кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү жарандыкты улутуна карабай кыргыз деп жаздырыш керек деп эсептесе, бир бөлүгү кандай жазылса да, макул болуп келишет.